Коом
Коронавирус. Айыккандар көбөйүп, жуктургандар азайды

Кыргызстанда өткөн сутканын аралыгында коронавирустан 310 киши айыгып чыкса, дагы 119 адам ооруну жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 245ке жетти. Анын ичинен 36 925 адам ооруну жеңип чыкты.
Ал эми жуктуруп алгандар төмөнкү жерлерде катталды:
- Бишкек – 15;
- Ош – 8;
- Чүй облусу – 4;
- Ош облусу – 15;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 3;
- Ысык-Көл облусу – 12;
- Жалал-Абад облусу – 39;
- Баткен облусу – 19.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 43 245ке жетти. Анын ичинен 36 925 адам ооруну жеңип чыкты.



