Коом
Баткенге учак менен каттайм дегендерге жакшы жаңылык!
Облус башчысы Абдикарим Алимбаев TezJet авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолукканын билдирди.
Натыйжада Бишкектен Баткен шаарына жумасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлмөй болду.
Бишкек — Баткен багыты боюнча биринчи каттам 13-сентябрда тарта башталат. Ал эми билеттин баасын 6 миң сомдон 5,5 миң сомго арзандатышкан.



