Коом

Турдушаева Анжелика Кайратовна — өмүр баяны

Эстрадалык ырчы Анжелика Турдушаева 1989-жылы 12-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими:

1-5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернаттан кыл кыяк боюнча билим алган;

11-классты борбодогу №38 орто мектебинен аяктаган;

2007-2013-жылдары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы жаңы маалымат технологиялар институтунун экономика бөлүмүн бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу:

1997-жылы чоң сахнага «Айчүрөк» эстрада театрынын курамында чыккан;

2007-жылдан тарта жеке ырчы катары эмгектене баштаган;

2017-жылдан тарта Коомдук телерадио корпорациясындагы «Бактылуу айым» берүүсүнүн алып баруучусу

Сыйлыктары:

2009-жылы «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган;

Ушул эле «Жылдыздар манежде» шоу сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Үч кыздын энеси. Ишкерлик менен алектенет.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button