Маданият

Нурлан Насип: Аселди сүзгөн айдоочу жигиттин тагдырын талкалабайлы деп кечирдик

Ырчы Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечирди. Аселдин жолдошу Нурлан Насиптин айтымында, ал кырсыкка себепкер болду деген айдоочуну аялы үчүн кечирген. Ал эми тосмо арызды Асел Кадырбекованын апасы жазып берген.

«Асел эсине келип, жашоого кайтканын көрүп Кудайга миң ирет ыраазы болуп, жибидим. Бир четинен бул бөөдө кырсык. Унаа катуу келип сүзгөн чынында, видеону көрсөң Аселди аяп кетесиң. Бирок апасы күндө чалып чыркырайт «кечирип кой» деп, тууган, достор, жакындар менен кеңешип кечирдик. Башында аябай жинденгенбиз, кийин кайра ойлонуп, ал жигиттин тагдырын талкалабай эле коёлу деп чечтик», — деген Нурлан Насип.

Ошондой эле ал жубайынын дарылануусуна кылмышка шектүүдөн акча талап кылбаганын айтып, болгону автоунаасын кайра калыбына келтирип берүүнү суранганын кошумчалады.

Эске салсак, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган.

Булак: Супер-Инфо

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button