Дүйнө

ВИДЕО: Эмне үчүн эскимостор түнкүсүн жыпжылаңач чечинишип бир төшөккө баары чогуу жатышат?

Эскимостор өмүрүнүн башынан аягына чейин экстремалдык шарттарда жашоого үйрөнүшөт: ит өлчү тири укмуштай катуу суук жана сөөгүнөн өтүп чучугуна чейин жеткен ызгаарлуу шамал менен алышып өмүр өткөрүшөт. Эшикте алар өз денесин жан-жаныбарлардын аябагандай жылуу жана оор терисинен тигилген кийимдер менен сакташат, деп жазат News-fancy порталы.

Жылдын эң суук мезгилинде эскимостор таштан салынган үйлөрдө жашашат. Үйдүн астанасына (полуна) чөптөн калың төшөп турушуп, үстүнө тюлендин же бугунун талпагын салып коюшат.

Кеч киргенде алар үстүндөгү кийимдерин таптакыр чечип, жыпжылаңач болушуп, үстүлөрүнө жаныбарлардын терсин жамынып алышат.

Эскимостор денелерин бири-бирине тийгизишип, жылуулугун бири-бирине өткөрүшүп, баары чогуу жатышат. Мындан тышкаары, күндүн өтө суук мезгилдеринде жандарына ит кармашат. Иттердин денесинен чыккан жылуулукту да жылыткыч катары пайдаланышат.

Дырдай жыпжылаңач болуп чечинүү, денеде жылуулуктун таралышын (циркуляция) жакшыртат. Бир караганда бул өтө кызыктай туюлушу мүмкүн, бирок ушундай жол менен эскимостор сууктун өтө күчөп турган маалында да үшүшпөйт.

Жүрүшкө дайыма чыгып жүргөндөр мындай феномен менен жакшы тааныш. Кийимин чечип туруп, үстүнө жамынып алган адам, кийимчен жатканга караганда алда канча тез жылыйт.

Түндүктүн кээ бир элдеринде күндүз да, адам үйүндө олтурганда, дырдай жылаңачтанып чечинүү салты бар. Бул биринчи кезекте алар кийген кийимдин өтө эле оорлугуна, бир күн кечке аны кийип жүрүү аябагандай ыңгайсыз экендигине байланышкан.

https://youtu.be/FlJIw2LQ13k?t=11

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button