Сузакта 9 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран эркиндикте

Маалыматка караганда, ал буга чейин күбө катары өтүп жаткан. «Мурда аталган жаранга байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Анда ал өзүнүн жасаган кыймыл аракетине жооп бере алат, бирок кээ бир учурларда оорусу кармап калышы мүмкүн деген тыянак чагыралган. Ал буга чейин Сумаянын өлүмүнө байланыштуу окуяда күбө катары өтүп жаткан болчу. Ал азыр эркиндикте»,- дешти милициядан.
18-ноябрда милицияга 1984-жылы туулган Сузак районунун тургуну ошол эле күнү саат 12:40 чамаларында кызы 2012-жылы туулганСумая Хосилжанова үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. 27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында балык уулап жүргөн Сузак районунун тургуну Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган. Кылмыш ишин жасоого шектелип, 1973-жылы туулган Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сурак учурунда шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кызды мектепке бара жатканда азгырып үйүнө ээрчитип кеткендигин, аны үч-төрт күн үйүнүн жер төлөсүндө колу-бутун скотч менен байлап кармагандыгын, анын денеси муздап, өлүп калгандан кийин мүшөккө салып барып, дарыянын жээгине ыргытып салгандыгын жана анын кийим-кечектерин толугу менен өрттөп салгандыгын билдирген. Кийинчерээк ал психиатриялык ооруканага өткөрүп берилген.



