Саясат
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди.
Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Иш сапардын алкагында президент Садыр Жапаров «Борбор Азия — Европа Биримдиги» лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргызстандын Казакстандагы Маданият күндөрүнүн ачылыш аземине катышат.



