Эмне үчүн адамдарга көрүмчүлөр, арбактар көрүнөт. Адистердин айтканы

АКШда жарандардын 57 проценти арбактарга ишенет. Анын ичинен 35 проценти көрүмчүлөрдү көрүшкөнүн, жада калса алар менен баарлашканын айтышат. А Россияда ВЦИОМдун маалыматы боюнча калктын 16 проценти арбактар бар экенине толук ынанышат. Ал эми Кыргызстандын калкынан өтө басымдуу бөлүгү ушул кезге чейин арбактардын бар экенине өтө катуу ишенишет. Албетте, Кыргызстанда муну атайы иликтеген эч ким жок.
Көрүмчү, же арбактар жөн гана адамдардын куру кыялы эмес экенин, аны илимий жактан толук түшүндүрүүгө болоорун окумуштуулар аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыккан.
Лабораториядагы көрүмчүлөр
2014-жылдын жазында, Швейцарияда, Федералдык Лозанна политехникалык мектебинин нейрофизиологиялык лабораториясы өткөргөн экспериментке 12 ыктыярчы катышышкан. Катышып жаткан адамдарга аралыктан (дистанциядан) туруп механикалык колду башкаруу тестирленип жатат деп түшүндүрүшкөн. Ошол механикалык колго артыңарды салып туруп, аны өзүңөрдү сылатканга мажубурлашыңар керек, деп тапшырма беришкен.
Адегенде баары тең шыр кеткен: манжаларынын кыймылы аркылуу алар роботту активдештиришкен жана механикалык колдун учу далыларына тийгенин сезишкен. Аларда өз далыларын өздөрү сылап жаткандай иллюзия пайда болгон. Андан соң изилдөөчүлөр механикалык колду беш жүз миллисекундга кыймылдатпай кармай башташкан. Дароо эле ыктыярчыларды кимдир бирөөлөр алмаштырып койгондой абал пайда болгон.

Алар экспериментти токтотууну талап кылышкан: биз көрүмчүлөрдү көрүп атабыз, алар бизге артыбыздан көз салып, кармалап атышат, дешкен.
Аларды көзгө көрүнбөгөн бир күч артка – механикалык колду көздөй түртүп жаткандай сезишкен. Коркуу сезими ушунчалык күчтүү болгон: окумуштуулар аларга иш жүзүндө эмне болуп жатканын түшүндүрүшкөнүнө карашпай, ыктыярчылардын экөө эксперименттен чыгып кетишкен.
А иш жүзүндө баары өтө эле жөнөкөй түшүндүрүлөт: сенсордук-мотордук сигналдарды атайы бузуунун натыйжасында тигилерге «көрүмчүлөр, периштелер жана жин-шайтандар көрүнө» баштаган.
Бул сигналдар адамдын мейкиндиктеги абалы жана кыймылы тууралуу ар түркүн маалыматтарды жыйнап жана анализдеп, инсандын өз аң-сезимин өзү калыптандыруусуна катышат. Бул система бузулган учурда – маселен, ооруганда, же болбосо атайын эксперимент жасалганда — адамда анын денесинин экинчи образы пайда болот да, ал бөтөн, башка дүйнөдөн келгендей кабыл алынат. Бул иш жүзүндө адамдын фантазиясынын гана жемиши, деп белгилешет изилдөөнүн авторлору.
Сырдуу титирөө
Өзүнүн лабораториясында көрүмчү менен болгон сырдуу кездешүүсүн британиялык окумуштуу Вик Тэнди жазып чыккан. 1980-жылдардын башында ал бир ири фармацевтикалык компания үчүн абдан көп тажырыбайларды өткөргөн. . Бир жолу, иш күчөп жаткан маалда, окумуштуу бөлмөдө кимдир бирөө бар экенин сезген. Көзүнүн кыйыгы менен ал жанында турган бозомук фигураны көргөн. Качан ал башын буруп караганда эч кимди көрө алган эмес.

Бир нече күндөн кийин окумуштуу кабинетинде шпага тазалап жатып (Тенди профессионалдуу фехтовальщик болгон) анын мизи титиреп атканын баамдаган. Ал түгүл кармагычына салып койсо деле, шпагасы титирей берген. Демек, бул бекеринен эмес, көрүмчү бар экенинен кабар берген.
Бирок, Тэнди мунун сыры эмнеде экенин билбесе, анда эмнеси окумуштуу болсун. Анын лабораториясына бир нече күн мурда эле титирөөсү 19 Герцке жакын желдеткич (вентилятор) орнотушкан. Бул титирөө инфрдооштук диапозонго барабар. Аны аныктоого адамдын кулагынын күчү жетпейт.
Ушул прибордун титирөөсү, табиятта жок образдарды жараткан. Желдекичти лабораториядан алып кетишкенден кийин, сырдуу коноктор (көрүмчүлөр) да дароо окумуштууну таштап кетишкен.
Кийин Тэнди ушунун негизинде бүтүндөй бир теорияны иштеп чыгып, өркүндөтүп-өөрчүткөн: адамдардын башка дүйнөнүн сырдуу күчтөрү менен жолугушуусун күбөлөндүргөн маалыматтардын баары — жер титирөөдөн, чагылгандан, вулкандын активдешкенинен, же автоунаанын кыймылынан улам жаралган инфрадооштук чайпалуулардын кишиге таасир берүүсүнүн натыйжасы, деп аныктама берген илимпоз.
Окумуштуу 2005-жылы каза тапкан, а 2008-жылы Лондондун Королго тийиштүү колледжинин окумуштуулары эксперименталдуу негизде анын теориясынын толук чындык экенин бышыкташкан. Алар атайлап «жүрөк түшүрчү коркунучтуу бөлмөнү» бир нече инфрадооштук булактар менен жабдышып, 79 ыктыярчыны ал жерде бир нече саат болуп бергиле деп суранышкан. Кийин эксперименттин катышуучулары ар кандай сырдуу фигураларды көрүшкөнүн, же башка дүйнөдөн келген бөтөн бирөөнүн бар экенин туюшканын айтып беришкен.



