Коом

Россия Кыргызстан менен аба каттамын жакында жандантмай болду

Россия 21-сентябрдан тарта Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жандантат. Бул тууралуу журналисттерге коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиришкенин РИА Новости жазды.

“Жыйындын жыйынтыгында 21-сентябрдан тарта Кыргызстан (Бишкек), Казакстан (Нур-Султан) жана Беларусь (Минск) менен аба каттамды жандантуу чечими кабыл алынды. Учактар жумасына бир ирет каттап турат”, – деп айтылат маалыматта.

Штабдан ошондой эле 27-сентябрдан тарта Түштүк Кореяга да учактар каттай турганын кошумчалашкан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button