Санитардык талаптарды аткарбагандарга карата 5,7 миллион сомдон ашуун айып пул салынган

Экономиканы жандандыруу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин, Саламаттык сактоо министрлиги ага байланыштуу убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин иштеп чыккан. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов билдирди.
Анын айтымына караганда, убактылуу санитардык талаптарды аткаруу максатында, кызыктар болгон министрлик жана ведомстволордун катышуусу менен жеке жана юридикалык жактар үчүн 20дан ашык алгоритмдер иштелип чыгып, бекитилген. Бул талаптарды эпидемиологиялык абал турукташмайынча, бардыгы аткарууга милдеттүү. Талаптардын аткарылышы мамсанэпидкөзөмөл борборлорунун адистеринин көзөмөлүндө.
“Экономика жандана баштагандан бери жалпы 23 753 объект текшерилди. Алардын арасында: тамактануу жайлары, бала бакчалар, коммуналдык багыттар боюнча жана башка объектилер бар. Жыйынтыгында, эрежелерди бузгандыгы үчүн 3365 протокол түзүлүп, 13 192 санитардык көрсөтмө берилди жана 925 жооптуу кишиге эскертүү берилген. 3242 жетекчиге жана жооптуу адамдарга 5 млн 783 миң сомго айып пул салынды. 157 материал сот органдарына, 54 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген”, – дейт ал.



