Бириңерден бириң эр, депутат болчу кимиңер?

Шайлоо күнү жакындаган сайын партиялар баардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, парламент босогосун аттоого жан үрөөдө.
“Парламентке кимдер өтөт?” деген суроо ар бир шайлоочунун көңүл борборуна кыттай уюган.
Алдын ала көзү ачыктык кылбайлы бирок, “Биримдик” жана “Кыргызстан” партиясы парламентке өтөрүнө эч кимдин шеги жок. Кеп алардын канча орун алары тууралуу гана болушу мүмкүн.
Эл арасындагы сурамжылоолордун жыйынтыгында аталган партиялар ар бири 20-25 а түгүл 40-45 мандатка ээ болуусу айтылууда.
Эгерде “Биримдик” менен “Кыргызстан” партиялары 40-45 мандат алууга жетишсе, анда парламентке өткөн партиялардын саны кескин кыскарып, 4 партияны түзүшү ыктымал.
Азырынча “аламан жарышта” “Биримдик” партиясы алдыда келе жатат. Буга себеп, “Биримдик” партиясынын катарында республика боюнча лидерлери бар, өзүнүн идеологиялык платформасын сунуштай алды.
Үгүт ишин оор басырыктуу жүргүзүүдө. Тизмеде мамлекеттик кызматта иштегендер, буга чейин өз эмгеги менен бутуна туруп, башкаларга да жумуш орун түзө алган ишкерлер.
Албетте, “көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” демекчи, жергиликтүү бийликтегилер партиянын келечегинен мурда өздөрүнүн кызматта калуусун ойлоп, түйшөлүп, кызматтык абалынан пайдаланып жиберип, партияга кедергесин тийгизген да учурлар жок эмес.
Аны саясий атаандаштары тез эле таап чыгып, аудио, видеолорду таратууда.
Бирок, адилеттүлүк үчүн айтып койчу нерсе – баардык партиялар бирдей шартта эле үгүт ишин жүргүзүүдө. “Кой, ай” деген кожо жок, теледебаттарга чыгып алып эле, оюна келгенди айтып, президентти баш кылып эле, сындап жатышат. Пандемияга карабай, аймактарда элди топтоп алып, күпүлдөп жатканы андан көп. Куугунтуктамак тургай, тыюу салган жергиликтүү бийлик жок. Оору кайра жайылып кетпегей эле деп, тынчсызданган өкмөт жок.
Анан кайсы админресурсту айтып эле, популисттик билдирүүлөр менен элдин көңүлүн бургусу келип жатышат?
Анан калса акыркы 5 жылда парламентте 6 партия отурду. Алар 5 жыл бою жөн отурган жок да. Баардыгы тең өз кадрларын өкмөт курамына, министрликтерге, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жайгаштырышты да. Мындай шартта бир партия жеке өзү админресурс кыла албайт.
Мисалы, Таласта губернатор баш болуп, ачык эле “Кыргызстан” деп күпүлдөп жатат. Ысык-Атада болсо Иса Өмүркулов (“Мекеним Кыргызстан”) менен Туйгунаалы Абдраимов (“Республика”) башка партияны жолотчудай эмес.
Кырчылдашкан атаандаштык болуп жатса, башка партиялар карап турмак беле? Ана, дароо эле аудио, видеолор чыгып жатат. Коомдун ачыктыгы өз пайдасын берип жатат. Эч бир партия монополист боло албайт.
Жалпы анализге кайтып келсек, “Биримдик” менен “Кыргызстанга” “куйрук улаш” “Мекеним Кыргызстан” партиясы парламентке өтүп, аз гана мандатка ээ болушу мүмкүн.
Бул партия биринчи айтылган 2 партиядан айырмаланып, кызылдай акчанын күчүнө таянып турган кези.
Андан кийинки партиялардын арасында “ит жыгылыш” күрөштөр орун алуусу күтүлүүдө. Бул “күрөш” “Республика”, “Ата-Мекен”, “Бир бол”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Замандаш” партияларынын ортосунда жүрөт.
Дал ушул партиялар “Биримдик”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынан калган мандаттар үчүн бак талашат. Андыктан, жогоруда аталган партиялар шайлоо күнүнө аз гана убакыт калгандыктан бүткүл күч аракетин жумшап, парламентке кирүү бактысын колдон жулдурбашы керек.
Ал эми,»Ыйман Нуру», «Ордо», «Чон казат», «Реформа» жана «Социал-демократ» партиялары «аламан байгенин” акыркы “чабандестери” болуп эсептелет. Бул партиялар мандатка илинип калуу үчүн эбегейсиз зор күч жумшоого туура келет.
Булардан аркасындагы партиялар “коюу чаңдын арасында” калгандар болуп эсептелет. Бул партиялардын талапкерлери өздөрү деле депутаттык мандатка үмүт артпайт. Алардын максаты — өздөрүнүн саясий амбицияларын калың журтка жеткирип, же болбосо кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн шайлоого катышкандар. Же жөн гана идеалисттер.
Ток этер жерин айтканда, парламентке 4 же 6 партия өтөөрү чындыкка жакын.
Эгерде 6 партия өтүп калса, бул өлкө үчүн утуш. Парламентте көз караштардын атаандаштыгы болот. Эгерде, 4 партия өтсө да жаман эмес, парламент туруктуу парламент болот.
Албетте, партиялардын кимиси канча добуш аларын “кыл чайнашкан” күрөштүн жыйынтыгы чечет.
Чындап келгенде кеп “капчыктын” калыңдыгында деле эмес.
Кептин баары ар бир айылдын тургундарынын, шайлоочулардын тилин таба билиште, буга чейин талапкерлердин эл менен болгон мамилесинде, сиңирген эмгегинде.



