Коом
Доллардын курсу жогорулап жатат. Улуттук банк 11 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды
Улуттук банктын маалыматына караганда, 23-сентябрда жалпы 11 миллион доллардан ашык каражат валюта рыногуна чыгарылды.
Бул аракет улуттук валюта – сомду колдоо максатында ишке ашты. Улуттук банк ушуну менен сентябрда долларды сатуу боюнча экинчи ирет интервенция жүргүздү.
2020-жылдын башынан бери валюта рыногунда сатылган доллар 238,6 миллионду түздү.
Акыркы кезде Кыргызстанда доллардын сомго карата курсу жогорулап жатат. 23-сентябрда 1 доллардын наркы 80 сомго чейин көтөрүлдү.



