Колледждердин кызматкерлери Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы менен иштөөгө окутулууда

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы – бул электрондук система, анын максаты болуп ведомстволорду жана өлкөнүн билим берүү уюмдарын оперативдүү маалыматтар менен камсыздоо, чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, талдоо жана жайылтуу саналат.
КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 2020-жылдын 17-сентябрынан 23-сентябрына чейин пилоттук орто кесиптик окуу жайларынын ББМСке маалыматтарды киргизүү үчүн жооптуу болгон кызматкерлери үчүн онлайн семинарлар өткөрүлдү.
Кызматкерлер Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын жаңыланган интерфейси жана функциялары менен иштөөгө окутулду.
Семинардын жүрүшүндө буга чейин киргизилген маалыматтарды оңдоо, тизмеге ылайык талаачаларды толтуруу, пограммаларды жаңылоо, группаларды түзүү, штаттык ырааттамага ылайык кызмат орундарын кошуу сыяктуу темалар камтылды. Билим алуучуларды жылдыруу, которуу, окуудан чыгаруу, персоналды кызмат ордуна дайындоо жана кызматынан бошотуу функциялары менен иштөө көндүмдөрүнө окутулду.
Эң маанилүүсү статистикалык отчетту түзүүгө үйрөтүү болду.
КР ББИМдин басма сөз кызматы



