Коом
Борбор калаада аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд жүрүүдө

Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы ири рейд жүрүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымат боюнча, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд өткөрүүдө.
«Урматтуу айдоочулар, коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоо үчүн аялдамаларга унааңыздарды токтотпооңуздарды суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.



