Коом
Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев абактан бошотулду

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев дагы бошотулган.
Белгилей кетсек, Ниязов менен Сагынбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталууда.
Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчы Садыр Жапаров жана бир катар мурдагы чиновниктер абактан бошотулган.



