Саясат

Экология министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулуп,ордуна Мелис Тургунбаев келди

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановаээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мелис Тургунбаев экология министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Тургунбаев Мелис Жусупжанович Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Тургунбаев Мелис Жусупжановичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button