Окуялар
ИИМ: Равшан Жээнбеков кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди

Ала-Тоо аянтында гы окуялар боюнча 2020-жылдын 9-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган бир нече адам бошотулган. Аталган кылмыш ишинин алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Бишкек шаарындагы кафелердин биринен Равшан Жээнбеков кармалды. Азыркы учурда ал ИИМдин Тергөө кызматында.
ИИМдин Басма сөз кызматы



