Саясат

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кылып бекитип беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен билдирди.

Белгилей кетсек, ушул тапта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүп жатат. Бул жыйындын күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Эске салсак, буга чейин дагы парламент Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитип берген. Бирок жыйынга эл өкүлдөрүнүн баары катышпай, кворум болбой калган. Кийинчерээк өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомду артка кайтарган.

Бишкек шаарында 5-октябрда Жогорку Кеңешке болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын толкундоосу жаралып, кечке «Ала-Тоо» аянтында турган. Ал эми кечинде аларды күч органдары кууп таратууга аракет кылган. Көп өтпөй эл кайрадан «Ала-Тоо» аянтына келип, андан соң Ак үйдү басып алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, Садыр Жапаровду жана бир катар саясатчыларды абактан бошотуп алган.

6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Кечинде парламент премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырган. Бирок эртеси айрым депутаттар анын бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку Кеңеш кайрадан кезексиз жыйынга чогулган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button