Спорт
Азия оюндары: Кыргызстандын тарыхында бирини жолу дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты.
Спортчу 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып жатат. 1/8 финалда кыргызстандык дзюдочу кытайлык атаандашынан күчтүү экенин далилдеди, чейрек финалда ливандык спортчуну жеңип, жарым финалда БАЭ өкүлү менен беттешип, жеңишке жеткен.
Финалдык беттеш бүгүн, 26-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө болот.
Белгилей кетсек, Эрлан Шеров тарыхта биринчи жолу Азия оюндарында финалга чыкты.



