Коом

Министрлик 2026-жылы кайсы жолдорду оңдой турганын билдирди

2026-жылдын курулуш мезгилинде өлкөдө стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо пландалууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган, ал эми титулдук тизмеге 457 чакырым жол киргизилген. Долбоорлорду ишке ашыруу учурунда айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор болушу мүмкүн.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен төмөнкү жолдордун курулушу уланууда:
— Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол;
— Нарын — Баетов;
— Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка;
— Сафаровка — Барпы.

Ошондой эле төмөнкү объекттерде иштер улантылат:
— түндүк — түштүк альтернативдүү автожолунда кошумча беш курулма;
— Барскоон — Бедел улуттук маанидеги трассасы;
— Бишкектин түндүк айланма жолу;
— Лебединовка — ГЭС-5 автожолу;
— Бишкек — Кант трассасы;
— Арашан — Чуңкурчак жолу;
— Бишкек — Кунтуу — Шопоков трассасы.

Мындан тышкары, инвестициялык долбоорлордун алкагында төмөнкү иштер улантылат:
— узундугу 93 чакырым болгон Суусамыр — Талас — Тараз автожолун реконструкциялоо (IV фаза);
— Корумду — Балбай Баатыр участогунда (79,3 чакырым);
— Барскоон айылынан Караколго чейинки (75 чакырым) жол участогунда.

Жаңы долбоорлор:
— Профсоюзная көчөсү — 8,5 чакырым;
— жаңы Ош базарына баруучу жол — 8,7 чакырым;
— Чолпон-Атанын айланма жолу — 15 чакырым;
— Ак-Суу районундагы Бозучук — Жыргалан автожолунун 14,5 чакырым бөлүгүнө асфальт-бетон төшөө;

— «Жыргалан» («Ала-Тоо Резорт») лыжа базасына 8,5 чакырым альтернативдүү жолду, ошондой эле кирме жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу;
— Жети-Өгүз — Койсары автожолунун (курорт «Жети-Өгүз») 15 чакырымын реконструкциялоо;
— Тамдык — Кишемиш — Донен — Булак-Башы (51 чакырым) трассасын долбоорлоо жана куруу.

Тектеш кабарлар

Back to top button