Бишкектеги эки шайлоо округунан 14 адам талапкерлигин койду. Тизме
№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына болчу шайлоого катышуу ниетин билдирген 14 жаран катталды.
БШКнын маалыматына ылайык, 4-январга карата эки округдан жетиден жаран талапкерлигин көрсөткөн.
Свердлов шайлоо округу:
1.Атазов Шайлообек Икрамович;
2.Султанбеков Муратбек Кеңешбекович;
3.Бейшенбаев Эдил Нурбекович;
4.Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
5.Жолдошова Назгүл Амантуровна;
6.Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
7.Алмамбетова Гуля Идиновна.
Биринчи май шайлоо округу:
1.Гапаров Адылбек Абдикаримович;
2.Акылбеков Русланбек Акылбекович;
3.Аматов Рысбай Аматович;
4.Сартаев Анвар Айдарович;
5.Токтакунов Нурбек Акбарович;
6.Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
7.Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 7-26-февраль күндөрү өтөт.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда аталган эки шайлоо округунда «баарына каршы» графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.



