ВИДЕО: Талас облусунда Жерүй фонду аркылуу сатып алынган техникалар жакшы кызмат көрсөтүүдө

Талас облусундагы Жерүй Алтын альянс фонду тарабынан бир топ айылдын эли жардам алып келет. Айылдыктарга эң керектүү делген техникаларды сатып алууга Жерүй фонду жакшы каражат бөлүп берген эле. Азыркы тапта Талас облусундагы Каракол айылынын эли сатып алынган техникалар элдин кызматында экенин айтып, ыраазы болушууда.

Улан Найманалиев, Талас облусунун тургуну:
-Бизге Жер-Үй компаниясынан 2015-жылы акча бөлүнгөн. Ошого эки комбайн алганбыз. Азыр ошол техника иштеп жатат. Андан арткан акчасына экскаватор алынган. Техникалар алынгандан бери айылдын бир топ иштерине жардамын берип келе жатат. Суу тарттырып келип жатат, бул техника менен келишим боюнча арзаныраак иштейбиз. Айылдын эли ыраазы.

Нурлан Иманалиев,Талас облусунун тургуну:
-2016-жылы Жерүй фондунан айылга 12 миллион 600 миң акча бөлүнгөн. Ошонун эсебинен айылга Палассе беш комбайндары сатып алынган. Азыркы күндө бул комбайндар эл үчүн жакшы кызматын жасап жатышат. Ушул техникалар менен суукка калтырбай түшүмдү өзүбуз жыйнап алдык. Кеңеш айылына барып, ошол жакка дагы жардамыбызды көрсөтүп келдик. Ал айылга кар жаап, түшүм кар алдында калып калганына байланыштуу жардам көрсөтүү үчүн барганбыз. Жерүйдүн жардамы менен сатып алынган техникалардын пайдасын эл жакшы көрүп жатат. Учурда техникалардын абалы абдан жакшы, жумушчулар иштеп жатышат.
ВИДЕО: