УКМК: Лейлекте милиция кызматкери менен Атайын кызматтын кызматкери контрабандалык жүктөрдү өткөрүп жүргөнү аныкталды — ФОТО

Коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында КР УКМК тарабынан аталган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Баксма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында КР УКМК тарабынан аталган фактылар аныкталды. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана коопсуздук органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан жасалган контрабанда боюнча иштер билинди.
Алсак, УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын (экономикалык контрабанда) үстүбүздөгү жылдын 11-январында, аткезчиликке шектелген адамдан 1000 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Лейлек РИИБнин Кулунду айылдык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү «С.у.Н.» пара алып жаткан жеринен кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, кармалган «С.у.Н. аттуу кызматкер КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери «О.А.Н.» менен сүйлөшүп, системалуу түрдө ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Тактап айтканда, бул адамдар акчалай компенсация үчүн кызмат абалынан пайдаланып, контрабандалык жүктөрдү тоскоолдуксуз өткөрүшкөн.
Ушул жылдын 12-январы бул факты боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 142-беренесине ылайык өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, аларга 342-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (пара алуу)кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Бул адамдар кармалып, Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, керектүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.







