Саясат

Жемкорлуктун схемаларын фактылар, далилдер менен ачууга даярбыз

Учурда Кыргызстанда экономикалык абал абдан оор. Мамлекеттик бюджетте 40 млрд. сомго жакын каражат тартыш болуп турса, КОВИД-19 пандемиясы да үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оңбогондой залакасын тийгизди.

4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоолордон кийинки төңкөрүштө Кыргызстанда бийлик алмашып, анын башына өз убагында адилетсиздиктин запкысын тарткан Садыр Жапаров келди. Ал дароо эле башынан аягына чейин батып калган өлкөнү саздан кантип чыгаруу боюнча пикирлерин элге ачык айтып, эл үчүн күйгөн эр азаматтарды мамлекетти сактап калуу үчүн биригүүгө чакырды.

Артка карай кылчайсак, азыркыдай КОВИД-19 пандемиясы, кыймыл-аракет жактан эч кандай чектөө жок беймарал кезде деле Кыргызстандын экономикасы башка өлкөлөрдүкү менен атаандаша турган деңгээлде эмес эле. Тилекке каршы жыл башынан бери келе жаткан пандемия адамдардын өмүрүн гана алып тим болбостон, экономиканын көп тармактарын сызга отургузуп, каатчылыкка дуушар кылды. Жумушсуздук, адамдардын насыяларды төлөй албай калуу коркунучу өстү. Ал эми пандемия учурунда эл аралык донорлордон алынган жардамдар убагында мамлекеттик бюджетти толтурууга жумшалгандыгы айтылып келет. Коомчулук эл аралык донорлордон алынган 100 миллиондогон АКШ долларын түзгөн каражаттардын кайда жумшалгандыгы боюнча так жоопту күтүп жатат.

Азыркы жаңы бийлик келгенден кийин, эл аралык донорлордон жардам алуу багытында иш алып баруу кыйынчылыктарды жаратууда. Мамлекеттик бюджет бош, алдыдагы бир нече айлардын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин маяналарын, пенсияларды, жөлөкпулдарды убагында берүүдө чоң маселе жаралышы айтылууда.

Мына ушундай абалда мамлекетибизге жардам берсек деген Бакыт Эркинбеков сыяктуу жалындуу жаштар эл арасынан чыгып, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго өз сунуштарын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткиришүүдө. Бакыт Эркинбеков 2003-2008-жылдарда Москвадагы Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ РФ) чек ара институтунда юриспруденция, эл аралык укук мамилелери боюнча билим алса, 2010-2013-жылдарда Ж. Баласагын атындагы улуттук университетинен экономика, финансы жана кредит адистигине ээ болгон. Ал адегенде “Эркештам” чек ара кызматында улук адис, “Кант” заставасынын аскердик даярдык боюнча башчысынын орунбасары, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн оперкызматкери, Россиянын Миграция боюнча федералдык кызматынын Бишкектеги паспорттук-визалык сервисинин директору болуп иштеген. Ушундай кызматтарда иштеп жүрүп, кайсы мамлекеттик органдарда коррупциялык иштер бар экендигин иликтеген. Азыркы жаңы бийлик коррупциянын бетин ачып, айрым адамдардын сол чөнтөгүнө түшүп жаткан чоң суммадагы каражаттарды бюджетке төгүш керек деп эсептейт. 

Бакыт Эркинбековдун айтымында, мурда коррупциялык схемаларды көрүп турса да айтууга уруксат беришчү эмес, себеби саясат башкача эле. Азыр бардыгын ачыкка чыгарып, мамлекетке жардам бере турган учур келди. Анын минтип ачык айтып чыгуусуна Президиденттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун жалпы элге, жаштарга кайрылып, ким коррупцияга каршы күрөшүп, алардын бетин ачууга жардам бергиси келсе, келгиле биригели деген чакырыгы себеп болгон. Анан калса, азыр элибиздин кандай кыйналып жатканы да көрүнүп турат. Жумушсуздук, аз айлык акылар, пандемиянын айынан бир топ кызматтар иштебей калды, азык-түлүк кымбаттады, өлкөдөгү азыркы олку-солку абал да адамдын аң-сезимине оор таасир тийгизип жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн алдында да азыр оор милдеттер турат. Бюджеттеги каражаттын тартыштыгы, бийлик алмашканы менен коррупциялык эски схемалардын мурдагыдай иштеп жаткандыгы, көмүскө экономиканын ачыкка чыкпаганы, айласыздан жарыяланган экономикалык мунапыс. Булардын бардыгы аз келгенсип, өлкөнүн сырткы карызы 5 млрд. АКШ долларына жакындап барды. Ал эми доллардын куну да күн санап өсүп бара жатат. Келерки жылдан тарта сырткы карызды төлөө бюджет үчүн абдан оор болот. Ошол себептен коомчулук арасында ушуга тынчсызданган адамдар да пайда болуп, сырткы карызды эл, өзүбүз төлөйлү деген демилгелер чыгып жаткан себеби да ошондон.

Ушундай абалда Бакыт Эркинбеков сыяктуу билимдүү, иштин көзүн билген жаштар коррупциялык схемалардын бетин ачып, сол жакка кетип жаткан мамлекеттин кирешелерин бюджетке буралы деп коңгуроо кагып жатышканы колдоого ала турган иш. Каражат көздөн учуп турган азыркы шартта мындай демилгелерди Садыр Жапаров жетектеген бийлик өкүлдөрү колго алышып, жаштардын максатын жүзөгө ашырууга жардам бериши зарыл.

Бакыт Эркинбеков: — Буга чейин тамырын кенен жайып алган жемкорлуктун булагын соолутуп, мамлекеттин кирешесине суук колун салган ниети бузуктарды колго чаап, алардын арам иштерин ачыкка чыгара турган учур келди. Ушул кезде да мамлекетке түшө турган чоң суммалар айрым адамдардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Азыркы мамлекет башчысы жемкорлукка каршы күрөшүүгө жардам бергиле деп чакырып жатат. Биз ушуну уккандан кийин билгендерибизди мамлекет жетекчисине айтып берели, схемалар кандай иштеп жатканын фактылар, далилдер менен көрсөтүп берели деп чечтик. Мындай схемалар күч түзүмдөрүндө, салык кызматында азыр да иштеп жатат. Мындан тышкары, азыркы коррупциялык күрөшкө каршы жаңы ыкма сунуш кылабыз. Бул ыкмалар өнүккөн өлкөлөрдө натыйжалуу иштеп жатат. Биз дагы ушундай жаңы ыкмаларды киргизсек, жемкорлук абдан азаят эле.  

Эл арасынан демилге көтөрүп чыккан мындай жаштарды азыркы өкмөт башчысы Садыр Жапаров кабыл алып, алардын жемкорлуктун бетин ачуу иштерине шарт түзүп берет деген үмүт чоң.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button