Саясат

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ал БШКга бүгүн, 11-ноябрда, өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү жолу менен кайрылган.

Клара Сооронкулова жыйынтыгы жокко чыгарылган 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Реформа» партиясынын лидери катары катышкан болчу.

Ушуну менен мамлекет башчылыкка өзүн карсөтүү ниетин билдирген жарандардын саны 12ге жетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button