Саясат

Россия Кыргызстанга каржылык жардамын жандантмай болду

Биринчи вице-премьер Артем Новиков РФ президентинин администрация жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын учурдагы абалын талкуулашкан.

«Жолугушууда Новиков парламенттик шайлоодон кийин КРдеги ички саясий кырдаалды турукташтырууга жардам бергени үчүн Россиянын бийлигине ыраазычылык билдирди», — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун соңунда Россиянын КРге каржылык жардам көрсөтүүсүн этап-этабы менен баштоо маселеси макулдашылганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер Россияга расмий иш-сапары менен барган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button