Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине ӨКМдин тик учагы менен ким учуп барды?

Аталган адам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна караштуу “Париж” пансионаты экени маалым болду.
Видео кызуу талкуу жаратып, айрымдар тик учак эс алуучуларга тоскоолдук жаратканын айткан. Кээ бирлер «тик учак пансионаттагы туристти эвакуциялоого келди» десе, айрымдар ал пляжга конгонун жазган.
Тик учак жеке жактарга коммерциялык негизде ижарага берилгенин бизге ӨКМден кабарлашты. H-145 Airbus аба техникасынын бир сааттык ижарасы 263 миң сом турат.
Ал эми пансионаттан тик учак үчүн даярдалган аянты бар экенин билдиришти (экинчи видеодо).
Алымкадыр Бейшеналиев вертолет пансионатка конгонун тастыктап, бортто уулу экөө болбогонун айтты.
“Анда Сауд Арабиясынан, БАЭден келген коноктор болгон. Буга менин эмне тиешем бар? Дегеле менин фамилиямды унуткула!” — деди министр.
@abal-kg



