Бишкектин парк зонасындагы жер тилкеси талашка түштү

Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкеси талашка түштү. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Октябрь райондук прокуратурасы 271 миллион сомдук тилкени кайтарып алуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылды.
Башкы көзөмөл органы билдиргендей, мэрия өз токтому менен 2004-жылы 3,335 гектар жерди фитнес борбор курууга, 2005-жылы анын жанындагы 0,87 гектар жерди “Грейт Дерби” компаниясына көп кабаттуу үй курууга жеке менчикке берген. Кийин жер ээлери эки тилкени бириктирип, жалпы аянты 4,2 гектар болгон тилке 2006-жылы мэриянын токтому менен «Грейт Дерби» компаниясына «Салам» турак жай комплексин курууга менчикке өткөрүлүп берилген.
Башкы прокуратура борбор калаанын башкы планы боюнча шаардын түштүк зонасында парк жана аны тейлөөчү объекттерди куруу каралганын эскертип, текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкесинин наркы 271 миллион сом экени аныкталганын белгиледи.
Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде катталып, териштирүү жүрүп жатат.
Талашка түшкөн жер тилкесинин ээсинен же анын жактоочуларынан азырынча комментарий боло элек.