Саясат
Видео: Жогорку Кеңештин эки депутаты уруша кетти

Бүгүн, 22-декабрдагы Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында күн тартибинен «Экономикалык коммерция» жөнүндө мыйзам долбоору алынды. Аны депутат Марлен Маматалиев жана башка депутаттар демилгелеген.
Марлен Маматалиев комитет ага экинчи жолу ушундай мамиле кылып жатканына нааразы болду.
Комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров аталган мыйзам долбоору боюнча көптөгөн суроолор бар экенин, ошондуктан аны толуктап иштеп чыгыш керек экенин айтты.
Мыйзам долбоорун күн тартибинен алуу тууралуу чечим чыккандан кийин Марлен Маматалиев Салайдин Айдаровдун жанына барып, экөө уруша кетишти.