Коом
Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында 21-июль саат 09:06да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Ак-Булак айлынынан түштүк-чыгышка карай жана Каракол шаарынан түндүк-чыгышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу конуштарда — Ак-Булак айылында жердин силкинүүсү 2,5 баллга чейин сезилген.



