Коом

Жыл жаңырарда айдоочулардын түйшүгү артат. Чүйдө жол инспекторлору эскертүү берди

Жыл жаңырар алдында Чүй облусунун аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп жаткандыктан, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалык айдоочуларды жолдо өзгөчө сак болууга чакырат.

Маалыматка караганда, 29-31-декабрь күндөрү облуста кар жаап, коюу туман түшөрү күтүлүп жатат.

«Төө-Ашуу менен Боом капчыгайы аркылуу каттаган айдоочулар ылдамдык режимин, аралыкты сакташы керек. Ошондой эле каршы тилкеге чыкпашы зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, кандайдыр бир себептер менен жайкы дөңгөлөктөрүн алмаштыра элек айдоочуларга өзүнүн жана башкалардын жашоосун тобокелдикке салбоо сунушталат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button