Коом

Камчыга сап болчу балдарыбыз турганда, кимге жалдырайбыз?!

Ошентип, адам башына чоң сыноо болгон коронавирус илдети менен бир жылды, 2020-жылды узаттык. Кимге кандай болду билбейм, бирок, ооруп, өл-тал менен айыккандар үчүн бул илдет көп нерсени көкүрөккө салып, көптөрдүн көзүн ачып кетти.

Илдет адеп башталганы, эч кимибиз деле элес албай, сактанбай эле жүрбөдүкпү. Качан гана бардыгы массалык түрдө ооруп, тамак-аш кымбаттап, дары-дармектер табылбай, ооруканалар карантинге жабылып, дарыгерлер жетишпей, алар дагы ооруп, адамдар каза боло баштаганда араң эсибизге келдик.

Мындай учурда кандай жардам болсо дагы карайлагандар үчүн зарыл эле. Өзүбүздүн ага-ини, эже-сиңди, замандаштарыбыздын кол сунуп, ыктыярчы катары берген жардамдары канча деген өмүрлөрдү сактап калгандыгын ар бирибиз көрүп турдук. Алардын ар бирине Жаратканым жар болуп, акниет иштеринин акыбети эселеп кайтсын.

Бул ыктыярчылардан тышкары, биздин колунда бар инсандар, кайрымдуулук фонддору, коомдук уюмдар, саясатчылар, ишкерлер, таанымал адамдар дагы жардамын элден аяган жок. Албетте, башын катып, байлыгын аяп отургандары да болду. Бирок, кайрымдуу адамдардын фонунда, алардын кимдер экенин айтуу ашыкча болот деген ойдомун. Алардын абийири өздөрүндө калсын.

Айтайын дегеним, жылды жыйынтыктап жатып, жакшы иштерди жасаган адамдардын катарындагы Камчы Көлбаевдин дагы ишин белгилеп койгум келди. Антпесек, абийир алдында жоопкерчилигикти унуткан болобуз. 2020-жылы эң көп кайрымдуулук кылган адамдын бири катары тизменин баш сабында турат десек болот. Карантин убагында өзүнүн берип аткан жардамын айрымдарга окшоп элге жарыялабай эле аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө азык түлүк таратты. Аны өзү айтпаса, элге биз жарыя кылып, биз айталы.

Андан тышкары, COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө Ысык-Көл облусундагы ооруканадарды керектүү жабдыктар менен камсыздап берди. Башка аймактарга дагы көмөгүн жиберди. Бул айтылгандар, албетте, кимдир бирөөлөргө жакпай калышы мүмкүн. Бирок, биздин, элдин арасында ушундай камчыга сап боло тургандай уулдар турганда башкаларга жалынып, жардам суроонун кереги барбы? Эгерде биз өзүбүздүн кыргыз уулдарын коргоп, колдой албасак, анда элдеги калыстык кайда калат?! Кимдир бирөөлөргө окшоп, башка элдин саясатын кыргызга таңуулап, башка элдин нарк-насилин таратып жатканы жок. Элге жардам берип, элдин арасындагы жалгыз, жарымдарга кол сунгандын эмнеси жаман?!

Мына, жакындагы эле октябрь айындагы ызы-чуу, башаламандык убагында мародерчулук кылууга багыт алган жаштардын тобун токтотуп,  абалды жөнгө салууга жардам берди. Эгер ошол абал жөнгө салынбаганда, далайлардын мүлкү тонолуп кетиши ыктымал болчу. Муну бир эле биз эмес, жалпы шаардыктар өздөрү дагы айтып жүрүшөт.

Андыктан, ар кимдин чагымчыл сөздөрүнө кошулуп, чыныгы элди ойлогон азаматтарды жарга түртүп салбашыбыз керек. Баатырларды тарых, эл жаратат. Бирок, аларга артынан бычак сайгандай кимдер болору тууралуу тарыхта далай фактылар бар.

Көлбаев тууралуу кандай аңыз кептер тарабасын, андан запкы жедим деген карапайым адамды жолуктура элекмин. Көлбаев дагы кыргыздын азаматтарынын бири. Спорттун өнүгүшүнө туруктуу колдоо кылып, спорттогу балдардын ийгиликтерге жетишине чоң салым кошуп келет. Кыргызстандын желегин көтөргөн көп спортчулар Ысык-Көлдө Көлбаев курган эс алуу, даярдык көрүү жайында машыгуу өткөрүшөт.

Эгер Көлбаев айрымдарга окшоп өз керт башын ойлоп, байыгысы келип, байлыгын ойлосо, мындай иштерди жасабайт эле.

2010-жылы болгон төңкөрүш канча деген бир туугандарыбыздын өмүрүн алды. Ошондо, бийликке келгендер, алардын үй бүлөлөрүн арзыбаган акча менен алдап коюп тим болушту. Андан бери алардын абалын сурап койгондор болдубу? Ошол төңкөрүштө каза болгондордун үй-бүлөлөрүн Консул ресторанына чогултуп, чай берип, Камчы Көлбаев колунан келген жардамын бергенин ушул убакка чейин эч ким деле укпаса керек. Аны мына күбө болгон биз айталы. Эгерде ошондо ал бардыгын өз кызыкчылыгы, саясат, депутаттык кресло үчүн жасаса, анда акыркы он жылда аны саясий чөйрөдө көрөт элек. Жок, андай болгон жок. Дагы бир маалыматты айтып коёлу, ошол 2010-жылы революциядан кийин көлдөгү пансионаттарды тоноо коркунучу жаралган болчу. Ошондо, так ушул Камчы Көлбаев ал пансионаттардын тонолушуна жол берген эмес. Эгер сураштырса, муну бардык пансионат ээлери тастыктап беришет, эгер Кудайдан коркушса.

Эл деген эл. Эл үчүн жасалган жакшы иш, качан болсо дагы айтылат. Айрымдарга окшоп өзүн пиарлайм, реклама кылам десе, бул иштер эчак теледен айтылып, гезит беттерине жайнап жазылып чыкмак. Унчукпаган адамга ар нерсени жармаштыра берсе болот деген түшүнүктү жок кылышыбыз керек. Өзү айтпайт экен, жакшы иштерин биз, эл, көргөн-билгендер, байкагандай айталы. Чын дилден жасалган иштерди Кудай деле жактырат. Өзүбүздүн эл деген балдарыбызды өзүбүзгө душман кылган бузукулар бар. Аларга Жараткан өз жазасын берсин.

Надырбек Турсунбеков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button