Окуялар
Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып 11 киши жабыркады
Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып 11 адам жабыркады. Бул туураалуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, күйүк алган 11 киши Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилген.
«Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат», — дешти ӨКМден.
Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлдү. Ал эми санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулат.