Окуялар

Жасалма номер тагып айдап жүргөн Лексустун айдоочусу кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номур менен жүргөн айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-январында милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:30 чамасында Тыныстанов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен “Lexus LS 460 ” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.
Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда А.И. аттуу айдоочусу авто унаасынын мамлекеттик номурун жасалма номурга алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button