Коом
А.ЭРГЕШОВ: “ЖЕТИМ-ТОО” КЕНИН ИШТЕТҮҮ БОЮНЧА ЭЧ КАНДАЙ СӨЗ ЖОК»

Кечээ, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов Ат-Башы районунун эли менен жолукту.
Жолугушуу учурунда тендер маселеси, Ат-Башы айылынын таза суу системасы боюнча жана башка бир катар көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. Айыл тургундары облус жетекчисине “Жетим-Тоо» кенин иштетүү, иштетпөө боюнча да суроо беришти.
Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешов: “Жетим-Тоо» — бул элдин байлыгы. «Жетим-Тоо» кенин иштетүү боюнча эч кандай сөз жок”,-деп так кесе жооп берди.



