Коом
Чүйдө мопед жана мотоцикл айдагандарга рейд жүрүп, 640 айдоочуга штраф салынды

Бишкек менен Чүй облусунда авторейд болду. Анын жыйынтыгында, жол эрежелерин бузган скутер, мопед, мотоциклдин 640 айдоочусуна айып пул салынды
Алардын көбү өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар жана тамак-аш жеткирүү кызматында иштегендер экени айтылды. ЖКККББ кызматкерлери түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшкөн.



