Коом
Нурлан Мотуев: Кара дуба окудум десем ишенбейсиңер… (ФОТО)

Коомдук ишмер Нурлан Мотуев анын кара дубасы ишке ашып, 2 мэр кызматынан кеткенин айтат:
“Кара дуба окудум десем ишенбедиңер эле. 2 жылда 2 мэр кетти. Баягы соода точкамды бузуп жатканда, бири мэр, экинчиси аппарат башчысы болчу да.
Мурунку мэрлер А.Суракматов, Балбак Тулөбаев экөөнө тең кара дуба окудум десем, көбү ишенишкен эмес. Мындан, эки жыл мурда февралда болчу. Андан мурда Атамбаев, Албек, Сапар, Сегизбаев жана башка көпкөн көптөргө али кырсыктай элек кездеринде: “Бул душмандарыма терс дуба окудум. Жакында пачактары чыгат” – дегенимди Интернет архивдери калп айттырбайт.
