Коом

УКМК соцтармакта бийликти күч менен басып алууга үндөгөн кишини кармады

Социалдык тармактарда бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган У.М. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Интернетте чагымчыл материалдарды таратты деген кишиге карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») менен кылмыш иши козголгон.

Учурда ал УКМКнын абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Атайын кызмат жарандарды социалдык тармактарда тараган жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчылыкка жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button