Коом

ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып келишти

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Алмаз Момбеков жана батальон командиринин орун басары милициянын капитаны Замирбек Доронбеков бөлүмдүн өздүк курамы менен биргеликте “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барганын билдиребиз.

Иш-чарада мемориалдык комплекстин тарыхы менен тааныштырып, кыргызстандыктар үчүн мааниси зор, зыярат кылып, өткөндөргө таазим кылуучу жайга айланганын, ошондой эле бул жер улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун сунушу менен “Ата-Бейит» деп аталгандыгын айтып беришти.

Ошентип, ал жерден оңой эмес тагдырларга кабылган тарых жараткандарды эскеришип, 1916-жылы курман болгон жана 2010-жылдын апрелиндеги революциясында көз жумган мекендештерибиздин, ошондой эле улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун бейиттерине куран окушту.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button