Окуялар

Бишкекте Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Бишкекте Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, «112» кызматына Биринчи май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушуна жакын жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына белгисиз адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсык катталган жерге Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы бөлүмдөн 4 куткаруучу жана кошумча Суучулдар кызматынан 3 суучул тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында суучулдар тарабынан Ала-Арча суу сактагычынан 54 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button