Коом

8-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 8-октябрда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин калктуу конуштарда, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык-тиричилик объектилерде суу болбойт.

Өчүрүү аймагы:

Ч. Айтматов проспекти – темир жол линиясы – Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Дмитров көчөсү – Орозов көчөсү – Казаков көчөсү – Чүй проспекти – Ала-Арча дарыясы – Жибек Жолу проспекти – И. Айдарбеков көчөсү – М. Фрунзе көчөсү – Турусбеков көчөсү – Чүй проспекти – Ч. Айтматов проспекти – темир жол линиясы чектеген аймак.

Суу берүүнүн убактылуу токтотулушу “Батыш-2” суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү менен байланыштуу.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундар менен мекемелерге алдын ала суу камдап алууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button