Коом

ВИДЕО: Көйгөйдү жеринде көрүп, чечүү зарыл. Ысык-Көл облустук милициянын жетекчилиги жарандар менен жолугушууларды өткөрдү

Ысык-Көл облусунун тургундары облустук милициянын жетекчилиги менен коопсуздук тармагында гана эмес, башка социалдык маселелер боюнча да көйгөйлөрүн жеринде бөлүшө алышат. Облуста милициянын көчмө кабылдамалары аймактагы бардык калктуу пункттарга барып, сервистик тейлөөнүн заманбап үлгүлөрүн көрсөтүп келүүдө.

Бекитилген графикке ылайык, Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев жергиликтүү бийликтин аймактык органдарынын жетекчилери менен бирге бул жолу Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту.

Бостери айылынын тургундары менен болгон жолугушуу учурунда аталган калктуу конуштун жашоочулары таштандыларды тазалоо, жашылдандыруу, сугаруу жана көп кабаттуу турак-жай конушуна тиешелүү гараждын аймагындагы талаштуу тилке маселесин өзгөчө белгилешти. Айтылган бардык маселелер жана сунуштар милициянын көчмө кабылдамасынын журналына катталып, аларды чечүү боюнча чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Андан соң, Ысык-Көл областтык милициянын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев жана Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу Орто-Токой суу сактагычынын участкасынын жашоочулары менен жолугушту. Жергиликтүү тургундар акча каражаттарын накталай алуу үчүн Балыкчы шаарына барып албоо үчүн участкага банкомат жана терминалды орнотуу боюнча маселелерди көтөрүштү. Ошондой эле, алар бала бакчанын ачылышын жана маршруттук автобустун уюштурулушун белгилешти. Анткени, көптөгөн участоктун тургундары Балыкчы шаарында иштешет, ал эми алардын балдары шаардык мектептерде окушат. Ал эми, участоктон шаарга чейин жолдун узундугу болжол менен 20 чакырымды түзөт. Ошондой эле жергиликтүү саламаттык сактоо бекетинде медициналык кызматкерлердин жоктугу боюнча да маселе козголду.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берип жатып, Балыкчы шаарынын мэри Азамат Анарбек уулу Таш-Сарай участогунда бала бакчанын имаратынын курулушу каралып жатканын, анда Орто-Токой суу сактагычынын жана дачанын жашоочуларынын балдары камтыларын белгиледи. Ошондой эле, ал үстүбүздөгү жылдын күз айына чейин маршруттук автобус маселеси чечиле турганын кошумчалады. Ал эми, башка маселелер боюнча жергиликтүү тургундар көтөргөн маселелерди чечүү үчүн коммерциялык банктарга жана медициналык мекемелерге кат жөнөтүлөрүн жана бул маселе оӊ жагынан чечилерин убада кылып кетти.

Жолугушуунун соңунда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев милициянын көчмө кабылдамалары дайыма элдин кызматында экенин белгиледи. Алардын жергиликтүү бийлик органдарына жасаган ар бир кайрылуулары жоопсуз калбайт, ал эми жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер сөзсүз түрдө жеринде чечилерин белгилеп кетти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button