Абакта жаза өтөп жаткандардын 1 жарым миңге чукулу иш менен камсыз болгон

Учурда ЖАМКнын мекемелериндеги жалпы 5608 эмгекке жарамдуу соттолгондун ичинен 1456 адам иш менен камсыз болгон. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 53 өндүрүш участокторунун ичинен 24 өндүрүш участогу 2019-2020-жылдары ачылып, анын ичинен 7 участок жатак-абактар тарабынан өз күчү менен уюшулган.
Маселен, 38-мекемеде пескоблок чыгаруу, 42-мекемеде бышкан кыш чыгаруу, 43-мекемеде бетон тирөөчтөрүн чыгаруу, 51- мекемеде пескоблок жана “чийки кыш” боюнча участок, 52-мекемеде балык чарбачылыгы ишке кирди.
Эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыктын алкагында 2- жана 3-мекемеде бут кийим тигүүчү жана кийим тигүүчү өндүрүш участоктору уюшулган. Бул цехтерде бут кийимдер, кызматкерлер үчүн формалар жана өмүр бою эркинен ажыратылган соттолгондордун атайын кийими, ич кийимдери, матрас, шейшептер тигилет.
“Келечек” мамлекеттик ишканасынын алдындагы Степной өндүрүштүк аймагынын башчысы Замирбек Юсупов: “Биздин өндүрүштүк аймакта тигүү цехтери, нан бышыруучу наабайкана, малдын майын иштетүүчү ишкана жана салфетка кагаздарын чыгаруучу цех бар. Учурда бул аймакта 100дөн ашык соттолуучу иш менен камсыз болгон. Анын 70и тигүү цехинде эмгектенип жатышат.
Тигүү цехинде мамлекеттик жана ошондой эле, жеке буюртма менен иш аткарышууда. Буюртмалар өз учурунда аткарылып, сапат жагынан да эч кандай нааразылык боло элек. Учурда 5 буюртманын үстүндө иштеп жатабыз. Азыр аялзатынын көйнөйтөрү, чыптамалар, лыжага кийүүчү атайы кийимдер тигилип жатат”,-деп билдирди.
Анын айтуусунда, мында эркинен ажыратылган аялдар 2,5 миң сомдон 15 миң сомго чейин, аткарган ишине жараша айлык акы алышат. Алар айлык акыларын өзүнө керектүү буюмдарга жумшап, соттун чечими менен берилген карызды (иск) төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алардын арасында үй-бүлөсүнө жардам берип жаткандар да бар. Алар менен маектешкенде, эмгек алардын убактыларынын тез жана алаксып өтүп кетишине жардам берип, бош убакыт өткөрбөй, каражат таап алуусуна шарт түзөрүн айтышат.
Ал эми, наабайканада учурда күнүнө 300-400 кг ундан нан азыктары чыгарылып, 19- 32-2-мекемелерди жана 12- 9-аскер бөлүктөрүн камсыз кылууда.



