Окуялар
Ысык-Көлдө эки маршрутка кагышып, айдоочу мерт кетти

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 23-март күнү саат 07:35 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 66-чакырымында катталган.
Mercedes-Sprinter үлгүсүндөгү автоунаа жолдун жээгинде токтоп турган ошол эле үлгүдөгү машинаны сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен сүзүп алган унаанын айдоочусу каза болгон. ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жаткандыгы айтылды.



