Саясат
Кыргызстан акыркы эки айда мамлекеттик карызга 5,5 млрд. сом төлөдү
2021-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан мамлекеттик карызга беш миллиард 457,8 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Айтылган сумманын үч миллиондон ашыгы тышкы карыз үчүн берилген.
Белгилеп кетсек, өткөн жылы карыздан кутулууга 30,7 миллиард сом жумшалган. Анын ичинен беш миллиард 362 миллион сому январь-февраль айларында берилген.
Быйылкы жылы мамлекеттик карыздын 37 миллиард 266 миллион сомун төлөө пландалган. Бул рекорддук көрсөткүч болууда.



