Коом

Бишкекте эпидемиялык кырдаал кандай? Мэриянын билдирүүсү

Бишкекте өткөн суткада COVID-19дун 97 жаңы учуру катталды, анын ичинен 71 учур коронавирус жана 26 учур – пневмония. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жалпысынын жыл башынан бери борбордо 3 миң 355 жаңы учур катталды. Ошондой эле, жыл башынан бери 3 миң 920 байланышта болгон адам үй карантинине алынып, анын ичинен 3 миң 94 адам карантин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу алынды.

Бүгүнкү күндө дарыгердин көзөмөлүндө жалпы 1 миң 239 адам турат, анын ичинен 370 адамдын коронавирус анализи оң чыккан.

Үй карантининдеги жарандарды көзөмөлдөө үчүн 11 мобилдик топ иштеп жатат.

2021-жылы 1-январдан тарта мобилдик топ 10 миң 230 чыгуу жасаган, ПЧРдин оң анализи менен 147 үй жана ооруканадан тышкаркы пневмония менен 15 үй аныкталган. 9 миң 236 ПЧР анализ алынган.

Ошондой эле, 118 өзүн-өзү диогностикалоо боюнча ишеним телефонуна 8 миң 321 чалуу түшкөн.

Мындан тышкары, бобордо COVID-19 менен ооругандарды 3 стационар кабыл алууда, анда 435 орун дайындалган.

“Азыркы учурда стационарларда 264 адам жатат”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн COVID-19дун 164 жаңы учуру катталган, 88 адам айып чыкса, 1 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button