Коом

Нарын шаарында бычактан алган жарааттан улам бир адам каза болду.

Нарын шаарында бычактан алган жарааттан улам бир адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 28-мартта саат 21:40 чамасында Нарын ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө дүкөндөрдүн биринин жанынан бир тургун бычак жегендиги кабарланган.

Аталган билдирүү Нарын ШИИБ тарабынан каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, буларды аныкташкан: Дүкөндөрдүн биринин маңдайынан Нарын шаарынын тургундары — 1991-жылы туулган Р.Д. менен 1973-жылы туулган И.К. чогуу арак ичип отурган кезде 1987-жылы туулган М.А. келип, ортодо пикир келишпестик жаралган. Ошол маалда М.А. жабырлануучу Р.Д.нын сол жак далысына учтуу темир сайып жиберген.

Жабырлануучу жыгылып калган учурда М.А. качып кеткен. Ал эми жанындагы И.К. тез жардам кызматына чалып, Р.Д. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал жактан жабырлануучу эсине келбей, алган жаракатынан улам каза болуп калган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын 1987-жылы туулган тургуну М.А. кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү катары убактылуу кармоо жайга киргизилип, мурда кылмыш жообуна тартылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button