Каныбек Осмоналиев: Референдумдан кийин Кыргызстандын жаңы жаралуу доору башталат

“11-апрелде боло турган референдумдун абдан чоң саясий мааниси бар. Анткени 10-январда Бүткүл элдик референдумда кыргызстандыктардын 80% ашыгы Кыргызстанда башкаруу формасы президенттик болсун деп тандап берген. Президенттик башкаруу формасына өтүп жаткандан кийин Конституция да ошого шайкеш келиши керек эле. Элдин тандоосун эске алуу менен Баш мыйзам иштелип чыгып, элдин добушуна коюлуп жатат. Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары Баш мыйзамдын ар бир беренесине олтуттуу өзгөрүүлөр кирди деп айта алам. Ошондуктан 11-апрелде боло турган Референдум абдан чоң мааниге ээ. Эгерде эл өзүнүн дагы бир мүдөөсүн аткаруу үчүн жалпы бир добуштан колдоп берсе, биздин Кыргызстандын саясий системасы кескин түрдө өзгөрөт да, толугу менен Президенттик башкарууга өтөбүз
Андыктан бүткүл кыргызстандыктарды 11-апрелдеги Референдумда активдүүлүк көрсөтүп, жаңы доордун башталышын камсыз кылган жаңы Конституцияны колдоп берүүгө чакырам жана алардын келечекке кайдигер эмес экенине ишенем. Буюрса, Референдумдан кийин Кыргызстандын жаңы жаралуу доору башталат. Ага биздин көзүбүз жетип турат», — деди Каныбек Осмоналиев.



