Коом

Кыргызстанда сутка ичинде 265 адам коронавируска кабылып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 17-апрелге карата коронавирус дагы 265 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 148,
Чүй облусунда – 80,
Ош шаарында – 3,
Ош облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 12,
Талас облусунда – 4,
Нарын облусунда – 6,
Баткен облусунда – 2,
Жалал-Абад облусунда – 6.

Ал эми бир сутка ичинде 152 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1130 бейтап, амбулатордук түрдө 1223 адам дарыланууда. 779 бейтаптын абалы орто оордукта, 287 адамдын абалы оор жана 38 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 91 миң 639 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 773 киши айыгып чыкса, 1 миң 546 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button