Коом
Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек жолу жабылды.

Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек унаа жолу 25-апрелге чейин жабылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Кар көчкү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна кечээ саат 15:00дөр чамасында түшүп, жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн №11 жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч тартылган.
Ушу тапта тазалоо иштери уланууда.



